Окуучулар куткаруу аракети менен таанышты

Бүгүн, 13- октябрда Нарын шаары жана Нарын району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрү жана “Ага Хан Хабитат” агенттиги менен биргеликте шаардын туруктуулугун жогорулатуу программасынын алкагында “13-октябрь — Кырсыктын тобокелдигин азайтуунун эл аралык күнүнө” карата атайын машыгуу өткөрүлдү.

Нарын шаарынын А.Буйлаш уулу атындагы орто мектепте өрт-тактикалык өткөн машыгууга N16 ӨККБнүн өрт өчүрүчү–куткаруучулары, Кызыл Ай  коомунун ыктыярчылары,  Нарын шаардык ИИБнин кызматкерлери катышышты.

Катышуучулар Өзгөчө кырдаал учурунда Жарандык коргонуу кызматы кандай иштерди аткарат, өрт өчүрүү учурунда жарандын алгачкы аракети, коопсуз жайларга чыгуу жана башка иш-аракеттер менен таанышты.

Мектепте өткөн машыгууга жалпысынан 30 мугалим жана 820 окуучу катышты.