Окуучулар суу обьекттеринде өзүн алып жүрүүнү үйрөнүштү

Бүгүн, 24-ноябрда Кочкор районунун орто мектептеринде адам өмүрүн коргоо, өзгөчө кырдаал учурунда өзүн-өзү алып жүрүү боюнча атайын семинар өткөрүлдү.
Семинардын жүрүшүндө кышкы мезгилде тоңгон көлмөлөрдө муз тебүү коопсуздугун сактоо, суу объекттеринде өзүн-өзү алып жүрүү, жабыр тарткан адамдарга медициналык алгачкы жардам көрсөтүү тууралуу куткаруучулар окуучуларга айтып беришти.
Аталган иш-чарага мектептердин окуучулары, мугалимдер кызуу катышып жатышат. Адам өмүрүнүн коопсуздугун сактоо тууралуу окутууну райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү өткөрдү.