Окуучулар табигый жана техногендик кырсыктар тууралуу кеңири билишти
ОКУУЧУЛАР ТАБИГЫЙ ЖАНА ТЕХНОГЕНДИК КЫРСЫКТАР ТУУРАЛУУ КЕҢИРИ БИЛИШТИ
Кечээ, 24 – май күнү Ат-Башы районунун Ат-Башы айылындагы А.Керимбаев орто мектебинде Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери машыгуу уюштурушту.
Куткаруучу-өрт өчүрүүчүлөр өрт-тактикалык машыгууда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана тилсиз жоо чыккан учурда кантип сактануу, коопсуз жайларга эвакуациялоо дегеле, коопсуздук эрежелерин так аткарууну тажрыйба жүзүндө көрсөтүштү.
Өрт өчүрүүчүлөргө окуучулар кызыккан суроолорун берип, табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар кенен маалымат алышты.



