6-майда түзүлгөн кырдаал боюнча ыкчам маалымат

2021-жылдын 6-майында абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу тоолуу райондордо жана Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 (Төө-Ашуу ашуусу), 198-246 (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Жагы -Базар- Кировка 199-215 (Каракысмак капчыгайы, Кара-Буура ашуусу) жана Каракол-Эхилчек унаа жолунун 76-90-чакырымдарында (Чок-Ашуу ашуусу) ным кар көчкүсү күтүлөт. Автомобиль жолдорунда кар көчкү коркунучу бар аймактардан өтүүдө унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты катуу сактоо зарыл.

6-7-майда абанын температурасынын жогорулашына жана дарыяларда күтүлүп жаткан локалдуу нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу суунун деңгээлинин кескин көтөрүлүшү күтүлөт, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

КР ӨКМ тарабынан адамдардын өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымды азайтуу максатында №02-34/340-Т, №02-34/341-Т телефонограммалары берилген. 2021-жылдын 4-майындагы токтому менен тиешелүү Жарандык коргонуу кызматтарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана шаар мэрлерине маалымдалган. Бишкек, Ош. КР ӨКМне караштуу ЖМБ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жөнөтүлүп, тиешелүү маалыматтар сызык боюнча көрсөтүү үчүн телеканалдарга жеткирилди.