Орто Азия өлкөлөрүнүн кинологдору тажрыйба алмашышты

ОРТО АЗИЯ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН КИНОЛОГДОРУ ТАЖРЫЙБА АЛМАШЫШТЫ
Орто Азия өлкөлөрүнүн кинология кызматтарынын мастер-тренинги Казакстандын Алматы шаарында өткөрүлдү.
Ага 14-майдан 22-майга чейин ӨКМге караштуу Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун Кинология кызматынын кызматтык иттери менен эки аскер кызматкери катышып келишти.
Аталган иш-чарага Казакстан, Өзбекстан, Тажикистан өлкөлөрүнүн нускоочу кинологдору катышып, издөөчү итти тарбиялоо, нускоо тажрыйбаларын тең бөлүшүштү.
Тренингдин негизги максаты — иттер менен иштөө боюнча методикалык жана практикалык сабактарды өтүү, тажрыйба алмашуу болду. Иш-чаранын аягында нускоочу кинологдорго атайын сертификаттар тапшырылды.