Орусияда каза болгон жарандарды Кыргызстанга алып чыгышты
Орусиянын Ульянов облусунда жол кырсыгынан каза тапкан 14 кыргызстандык жарандын сөөгү атайын учакка жүктөлүп, жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:10до Кыргызстанга учуп чыкты. Алдын ала маалымат боюнча 3,5 саат аралыгында Кыргызстандын Ош шаарындагы аэропортуна конору күтүлүүдө.
Ульянов шаарына КР Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, КР Президентинин администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы Айбек Джунушалиев, Орусиядагы Кыргызстандын консулу Манас Джолдошбеков жана элчиликтин өкүлү Доорбек Абдразаков жеринде РФ ӨКМнин Ульянов облусун башкы башкармалыгынын башчысы, генерал-майор Михаил Осокин жана орун басары, полковник Михаил Николаев менен жолугушуп, тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлдү.

