Орусияда каза тапкан мекендештердин сөөгү ӨКМ тарабынан Кыргызстанга алып келинет

Орусияда жол кырсыгынан каза тапкан 14 мекендешибиздин сөөгүн алып келүү үчүн, КР ӨКМден түзүлгөн атайын топ учуп барат. Куткаруучулардан турган атайын топ Россиянын Ульяновск шаарынан саат 13:00 чамасында кайра Кыргызстанга учуу болжолдонууда жана каза болгон жарандардын сөөгүн Ош шаарынын аэропортуна кечки саат 18:00 чамасында алынып келинери күтүлүүдө.
Ошондой эле, ал жактан мекендештерибиздин сөөктөрүн кичи мекенине чейин жеткирүү милдети да Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлгөн.
❗Соңку маалымат боюнча жол кырсыгынан жалпы 16 адам каза таап, анын 14ү Кыргызстандын жарандары. Ошондой эле кырсыктын кесепетинен 3 мекендешибиз жабыркап, түрдүү жаракаттар менен Ульяновск облусуна караштуу Николаевск райондук Борбордук ооруканасына жеткирилген. Маалымат боюнча эки жаран жалпы палатагы чыгарылып, бирөө жандандыруу бөлүмүндө.