Орусияда каза тапкан мекендештердин сөөгү Кыргызстанга качан алынып келери такталды
Ульяновск шаарына Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев барат.
Орусияда жол кырсыгынан каза тапкан 14 мекендешибиздин сөөгүн алып келүү үчүн КР Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев башында турган атайын топ 23-август күнү Ош шаарынан эртең менен саат 9-10до учат.
Куткаруучулардан турган атайын топ Ульяновск убактысы боюнча саат 10:40та аталган шаардын аэропортуна конот.
Саат 12:10до мекендештердин сөөгүн алып, Ульяновскиден Кыргызстанга учуп чыгат.
Ал эми Кыргызстандын убактысы боюнча саат 17:40 чамасында каза болгон жарандардын сөөгүн Ош шаарынын аэропортуна алынып келинмекчи.
Ошондой эле ал жактан мекендештерибиздин сөөктөрүн кичи мекенине чейин жеткирүү милдети да Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлгөн.
