Орусияда жол кырсыгынан 16 адам каза тапты

Ушул жылдын 21-август күнү Россия Федерациясынын Москва убактысы боюнча саат 13:10до Россия ӨКМнин ККББнын Ульяновск облустук башкы башкармалыгынын Ыкчам нөөмөт кызмат бөлүмүнүн “112” байланыш түйүнүнө Ульяновск облусунун Николаевск районунун Прасковьино жана Новоспасское айылдарынын ортосунда М5 – “Урал” унаа жолунун 808 – 810-чакырымында 2 оор жүк ташуучу унаа жана Самара шаарынан Москва шаарына багыт алып бара жаткан “Mercedes” үлгүсүндөгү жүргүнчү ташуучу унаалардын ортосунда жол кырсыгы катталгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жол кырсыгынын кесепетинен жалпы 16 адам каза болуп, алдын ала маалымат боюнча 14ү Кыргызстандын жараны (тактоо иши жүрүүдө) жана 3 жаран оор жаракат алган. Жабыркаган 3 жаран Ульяновск облусунун Николаевск районунун борбордук ооруканасына, ал эми каза болгондор ушул эле оорукананын өлүк сактоочу жайына жеткирилген.
Учурда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинен атайын топ жерине барып, тийиштүү чараларды көрүүдө.
❗☎️Ошондой эле элчилик тарабынан каза болгон кыргызстандык жарандардын туугандары байланышуу үчүн “түз байланыш” уюштурулду. Алар:
РФ +7 (926) 926 861 50 98
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги
+996 551 312 000 (Whatsapp)
+996 508 628 588