Орусиянын Ульяновск облусунан чыккан атайын борт Кыргызстанга конду

Бүгүн, 23-августа Орусиянын Ульяновск облусунда жол кырсыгынан каза болгон 14 кыргызстандык жарандын сөөгү атайын учак менен жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:10до Кыргызстанга учуп чыккан.
Такталган маалымат боюнча “ЖҮК-200” атайын борту Кыргызстанга саат 17:25те Ош шаарындагы аэропортуна конду.
Учурда кыргызстандык жарандардын сөөгүн кичи мекенине жеткирүү иш-чаралары жүрүүдө.
Бул тууралуу кошумча маалымат берилет.