Ош: №42 жазаларды аткаруу мекемесинде өрт-тактикалык машыгуу өттү

ОШ: №42 ЖАЗАЛАРДЫ АТКАРУУ МЕКЕМЕСИНДЕ ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
КР ӨКМ Ош шаары боюнча башкармалыгы мекеме объектилеринде өрт коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу максатында машыгууларды өткөрүп жатышат. Бүгүн Юстиция министрлигинин Ош шаарында жайгашкан №42 жазаларды аткаруу мекемесинин кызматкерлери үчүн өрт-тактикалык машыгуу өткөрдү.
Машыгуунун планы боюнча, өрт экинчи кабатта башталган. Өрт сигналы берилгенден кийин, постто турган кызматкер дароо өрт өчүрүү кызматына чалып, диспетчерге өрттүн так дарегин жана объекти тууралуу маалымат берди. Ал эми өрт чыккан жерге өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 1 күжүрмөн эсеби жана куткаруучулар тартылды.
Машыгуунун жүрүшүндө мекеменин ичиндеги жарандар ыкчам түрдө эвакуацияланып, экинчи кабатта жабыркаган жаранды атайын шаймандар менен алып чыгышты. Ошондой эле, машыгуунун катышуучуларына өрт катталган учурда өзүн алып жүрүү эрежелери боюнча сабак өткөрүлүп, шаймандарды колдонуу эрежелери практикада көрсөтүлдү.
Машыгуунун жыйынтыгында аталган мекеменин кызматкерлеринин аракети канааттандырарлык эмес деп табылып, кемчиликтерди жоюу сунушталды.