Ош: 59 жаштагы адамдын сөөгү кар көчкү алдынан табылган

ОШ: 59 ЖАШТАГЫ АДАМДЫН СӨӨГҮ КАР КӨЧКҮ АЛДЫНАН ТАБЫЛГАН
Алай районунун Ленин айыл өкмөтүнө караштуу Мурдаш айылынын Т.К. аттуу тургуну мал издеп айылдан 3 чакырым алыстыктагы тоого чыгып, тоодон кар көчкү басып калган.
Жерине издөө иштрине жүргүзүү үчүн Алай райондук №68 ӨКБдан 21 куткаруучу, ИИМден 4 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылып, кар көчкү басып калган эркек кишинин сөөгүн алып чыгып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.