Ош: 6 жашар кыздын сөөгү тоңгон муздун астында табылды

ОШ: 6 ЖАШАР КЫЗДЫН СӨӨГҮ ТОҢГОН МУЗДУН АСТЫНДА ТАБЫЛДЫ
Ош облусуна караштуу Алай районунун Бүлөлү айыл өкмөтүнүн Чоң-Бүлөлү айылында 6 жаштагы Д.А. аттуу кыз
Чоң-Бүлөлү суусунун жээгиндеги тоңгон муздун астына чана тээп жатып түшүп кеткен.
Жерине Алай райондук №68 ӨКБдан 4 куткаруучу, ИИМден 1 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылып, кыздын жансыз денесин муздун астынан чыгарышып, туугандарына өткөрүп беришкен.