Ош: 78-жаштагы аял киши куткарылды

ОШ: 78-ЖАШТАГЫ АЯЛ КИШИ КУТКАРЫЛДЫ
Куткаруучуларга Ош шаарынын Айтиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн батиринин эшиги бекилип, 78-жаштагы аял киши жардамга муктаж экендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Ага Ош шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, аталган даректе атайын шаймандардын жардамында терезеден кирип, эшигин ачышкан.
Батир ичиндеги жабыркаган жаранды “Тез жардам” кызматынын адистерине өткөрүп беришти.