Ош: 8 жаштагы баланын сөөгү Ош-Араван каналынан табылды

8-август күнү Туран кичи районунда агып өткөн Ош-Араван каналына 2014-ж.т. С.А. аттуу жаш бала түшүп кеткен. Маалымат түшөр замат 19 куткаруучу тартылып издөө иштери башталган.
Бүгүн жерине издөө иштери уланып, жалпы 60 куткаруучу тартылган.
Издөө иштеринин натыйжасында саат 10:55те куткаруучулар тарабынан жаш баланын сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
🔷Эскерте кетсек 2022-жылдын башынын республика боюнча 69 адам чөккөн, анын 35 жашы жетелек балдар.
Куткаруучулар эскертет – балдарды суу объектилерине кароосуз калтыруу кооптуу.