Ош: 8 жаштагы баланын сөөгү суудан табылды

8-август күнү Туран кичи районунда агып өткөн Ош-Араван каналына 2014-ж.т. С.А. аттуу жаш бала түшүп кеткен.
Бүгүн жерине издөө иштерин улантуу үчүн Ош шаардык Куткаруу кызматынан 10 куткаруучу, Ош шаардык №13 АӨКБдан 20 куткаруучу, КР ӨКМнин РӨКОдон 20 куткаруучу, Ош шаардык №12 ӨКБдан 10 куткаруучу, жалпы 60 куткаруучу тартылган.
Издөө иштеринин натыйжасында саат 10:55те куткаруучулар тарабынан жаш баланын сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.