Ош:Алайда 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду
Бүгүн Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 19:34тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөө Алай районунун Сары-Могол, Талды-Суу айылдарында 3,5 балл, Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылында, Кара-Кабак айылында, Алай районунун Арча-Булак айылында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.