Ош: Алайда сел өткөрүүчү канал тазаланууда
ОШ: АЛАЙДА СЕЛ ӨТКӨРҮҮЧҮ КАНАЛ ТАЗАЛАНУУДА
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2023-жылдын “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш мерчеминин негизинде Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Гүлчө айылындагы Кырк-Күңгөй участкасында сел тосмолорду тазалоо иш чаралары жүргүзүлүүдө.
Бүгүнкү күндө 5 сел тосмо жана 500 аралыктагы сел өткөрүүчү канал тазаланды. Учурда жумуштун көлөмү болжол менен 4000м3 түздү.