Ош: Алайда жер силкинди

ОШ: АЛАЙДА ЖЕР СИЛКИНДИ
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн саат 10:04тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Алай районунун Бор-Дөбө айылында 4 балл, Сары-Таш, Арча-Булак жана Чоң-Алай районунун Кара-Киндик айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.