Ош: бала-бакчадан өрт чыкты

Ош шаарынын Раимбеков көчөсүндө жайгашкан балдар бакчасында  өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 08:45те Ош шаардык №13 АӨКБдан 2 бөлүм ыкчам түрдө  тартылган. Өрт саат 09:00дө чектөөгө алынып, саат 09:28де толук өчүрүлгөн

Бактыга жараша өрт кырсыгынан  жабыркагандар жок.