Ош: Балдарды муз үстүндө коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат

ОШ: БАЛДАРДЫ МУЗ ҮСТҮНДӨГҮ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТООГО ЧАКЫРАТ
ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын өздүк курамы 23-январда облустун райондорунун аймагында жайгашкан дарыяда, каналдарда, көлмөлөрдө тоңгон музда жылгаяк тепкен балдарга коопсуздук эрежелерин сактоону түшүндүрүштү.
Анда дарыя, каналдардын үстүндө муз тебүү өмүргө кооптуу экендигин тыкыр эскертилип, ата-энелерин көзөмөлгө алууга чакырышты.
Ошондой эле кызматкерлер айылдардагы мектеп окуучуларына да муз үстүндөгү коопсуздук эрежелери боюнча маалымат берип, сак болууну эскертишти.