Ош: Чоң-Алай районунда атайын текшерүү жүргүзүлдү

📌Ош облусунун Чоң-Алай районунун аймагында мүмкүн боло турган өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана ыкчам чара көрүү максатында, облустун респуликалык маанидеги стратегиялык унаа жолдорун тейлөөчү, коопсуздукту камсыздоочу жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтарынын ишин жалпы координациялоо максатында 2022-жылдын 7-8 декабрь күндөрү КР ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Н.Шаматов баштаган жумушчу топ кышкы даярдыгын текшерүү иш-чараларын жүргүзүүдө.