Ош: Чоң-Алай районунда кырсыктардын тобокелин азайтуу иш-чаралары өткөрүлдү

КР ӨКМнин Ош облусу боюнча башкармалыгынын 2022-жылдын 8-сентябрындагы № 184-буйругунун негизинде, кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча бир айлык түзүлгөн иш-чараларды аткаруу максатында Чоң-Алай районунун аймагындагы билим берүүү мекемелерине жана ФАПтарга өзгөчө кырдаал учурунда сактануу эрежелери, өрт кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбай коюу темасында сабактар, практикалык иш чаралар өткөрүлдү.