Ош: Чоң-Алай районунун 5034 тургуну эвакуацияланды
Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан бүгүнкү күнгө чейин жалпы 5034 адам эвакуацияланган. Анын ичинен 92 адам убактылуу жайгашуу пунктуна калган 4942 жаран жакындардыкына жайгаштырылды. Учурда тамак-аш жергиликтүү бийлик тарабынан берилүүдө.
Чон-Алай району боюнча эвакуациялоо иш-чараларына Жарандык коргонуу кызматтарынан жалпы 185 кызматкер, 12 техника жана ошондой эле жергиликтүү тургундардан 673 жаран, 149 техника тартылган.
Чоң-Алай районуна 80 матрац, 44 жаздык, 500 жылуу плед бөлүнүп берилди.