Ош: Дүкөн жана бильярд ойноочу клуб өрттөндү
ОШ: ДҮКӨН ЖАНА БИЛЬЯРД ОЙНООЧУ КЛУБ ӨРТТӨНДҮ
Бүгүн, 24-декабрда Ош шаарынын А.Шакиров көчөсүндө жайгашкан дүкөндөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Мындан улам өрт кырсыгы катталган жерге саат 07:42де Ош шаардык №13 АӨКБдан 2, буга кошумча 07:54тө Ош шаардык №85 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп тартылган. Тилсиз жоо саат 8:10до чектөөгө алынып, саат 9:09да толугу менен өчүрүлгөн.
Өрт кырсыгынын кесепетинен бильярд ойноочу клубдун 88 ч/м жыгач устундуу тунуке менен жабылган чатыры жана дүкөндүн 55 ч/м аянты толугу менен күйгөн. Кырсыктан жабыр тарткандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.


