Ош: дайынсыз жоголгон 71 жаштагы жаранды издөө иштери уланууда

12-январь күнү Гүлчө айылынын тургуну 71 жаштагы (Ү.Б.)аттуу аял киши үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

Жергиликтүү тургундар өз алдынча издөө иштерин жүргүзүшүп, аталган жарандын кийимдерин Гүлчө суусунун жээгинен табышкан. Бүгүн ИИМдин кызматкерлеринин издөө ишине көмөк көрсөтүү үчүн, жерине саат 10:00дө Алай райондук №68 ӨККБдан 5 куткаруучу тартылды.

Учурда жаранды издөө үчүн куткаруучулар менен бирге ИИМден 20 кызматкер, КР Коргоо министрлигинин 92843 а/б 30 кызматкери, туугандарынан 6 адам тартылган.