Ош: “Дан-Азык” ААКда өрт кырсыгынын алдын алуу машыгуусу өттү

ОШ: “ДАН-АЗЫК” ААКда ӨРТ КЫРСЫГЫНЫН АЛДЫН АЛУУ МАШЫГУУСУ ӨТТҮ
ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын “Өрт-тактикалык машыгууну уюштуруу жана өткөрүү жөнүндөгү” буйругуна ылайык 20-декабрда “Дан-Азык” ААКда Кара-Суу районунун Жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликте өрт коопсуздугунун алдын алуу машыгуусу өткөрүлдү.
Иш-чаранын сценарийине жараша жогоруда аталган ачык акционердик коомдун имаратындагы 1000 киловаттык 2 көмөкчү чордондо өрт чыккандыгы тууралуу маалымат Кара-Суу райондук ӨК бөлүмүнүн 101 байланышына түшкөн.Аталган даректеги тилсиз жоону өчүрүүгө райондогу №25 өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнөн 1 күжүрмөн эсеп жана өрт өчүрүүчү автоунаалары, №102 Нариман айылдык өрткө каршы-куткаруу бөлүмчөсүнөн авариялык куткаруу Пикап унаасы менен барган өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоону өчүрүшкөн.
Машыгунун негизги максаты – өлкөдөгү ири ишканаларда өрт кырсыгын болтурбоо, кырсык катталган жерде Жарандык коргонуу кызматынын милдеттери, өрттүн кесепетинен жабыркагандарга алгачкы жардам көрсөтүү, ишкананын кызматкерлерин коопсуз жерге чыгаруу тактикасы окутулду. Ошондой эле күтүүсүз келген кырсыкта адамдар өзүн-өзү алып жүрүү эрежелери үйрөтүлдү.