Ош: Көп кабаттуу үйлөрдүн өрт коопсуздугун алдын алуу максатында иш-чара өттү

2022-жылдын 30-ноябрында КР ӨКМ Ош шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери , шаардын көп кабаттуу үйлөрүнүн биринде өрт коопсуздугун алдын алуу иш-чараларын өткөрүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө 12 кабаттуу турак үйдөгү өрт коопсуздугун эрежелеринин сакталышы, алардын сырткы жана ички суу булактарынын (ПГ,ВПК) жана өрттөн кабар берүүчү автоматташтырылган жабдууларын (пожарная автоматика) иштөөсү текшерилди.
Ошондой эле, өрткө-каршы аралыктардын сакталышы жана кирүү чыгуу жолдорунун УЧА негизинде аткарылышын, жарандардын ӨК жана Өрт кырсыктарына даярдыгы жана баштапкы өрт өчүрүү каражаттары менен иштөө аракеттери көрсөтүлү.
Турак жайдын жашоочуларына өрт коопсуздугун алдын алуу эрежелерин сактоо боюнча жалпы түшүнүктөр жеткирилди.
Иш- чаранын негизги максаты Ош шаарындагы жаңыдан курулуп жаткан бийиктиги 28 метрден жогорку болгон көп кабаттуу үйлөрдөгү өрт коопсуздугун камсыз кылуу жана алдын алуу болуп эсептелет.