Ош: Кар көчкү түшүп,бир жаран каза болду

ОШ: КАР КӨЧКҮ ТҮШҮП, БИР ЖАРАН КАЗА БОЛДУ
5-февралынан 6-февралына караган түнү Чоң-Алай районунун Чек айылынын тургуну 1996-ж.т. А.Ж аттуу эркек киши Чоң-Алай а/а Кулчу айылынын тоосунда карышкырга мэргенчилик кылып жүргөн учурда кар көчкү басып калгандыгы тууралуу маалымат 102 кызматынан түшкөн.
Жерине чалгындоо жана издөө иштерин жүргүзүү максатында Чоң-Алай райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу, ИИМден 25 кызматкер жана жергиликтүү тургундары тарабынан 50 адам тартылып.
Издөө иштердин натыйжасында жогору аталган эркек кишинин жансыз денеси табылып ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.