Ош: Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн тургундарына өрт коопсуздугун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери өттү

Кара-Кулжа райондук ӨКБнүн №66 ӨККБнүн өздүк курамы өрттүн алдын алуу максатында Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн турак үйлөрүнүн тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, нускама баракчалары таркатышты.
🔶Статистикалык маалыматтарга ылайык, турак жай үйлөрдөн чыккан өрттүн негизги себептери жарандардын отко этиятсыз мамилеси жана өрт коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгы болуп саналат.
Иш-чаранын жүрүшүндө,жайкы мезгилинде өрт кооптуу болгонуна байланыштуу, турак үйдө жашаган тургундарга ачык абада иш-чараларды өткөрүүдө өрт коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу кеңеши берилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери өрткө тыюу салуу талаптарын түшүндүрүп, жарандарга өрттүн алдын алуу чараларын, өзгөчө кырдаалдарда жүрүм-турум эрежелерин эскертишти.
ӨКМ кызматкерлери Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн ар бир жашоочусу менен жекече баарлашып, өрт коопсуздугунун талаптарын түшүндүрүп, өрт же кырсык катталган учурда “101” жана “112” номурларына чалууну эскертишти.