Ош: Кара-Кулжа районунда 125 даана габион торчолору орнотулат
ОШ: КАРА-КУЛЖА РАЙОНУНДА 125 ДААНА ГАБИОН ТОРЧОЛОРУ ОРНОТУЛАТ
Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн Сай айылында ички чарбалык жөө көпүрөнүн таянычын коргоого шпора куруу менен жээк бекемдөө иш чаралары жүрүүдө.
Атайын жээкти бекемдөө үчүн КР ӨКМнин тарабынан 125 даана габион торчолору бөлүнүп берилип, айыл өкмөтү жана айылынын тургундары тарабынан жасалууда.