Ош: Кара-Кулжа районундагы сел коопсуздугун алдын алуу иш-чаралары

КР ӨКМ 2022-жылдын 22-январындагы №43 буйругуна ылайык, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айыл өкмөтунө караштуу Күйөө-Таш айылындагы кооптуу аймакка сел өтөрүүчү канал куруу жагы каралган.
2022-жылдын 14-сентябрь күнү КР ӨКМ тарабынан 1 бирдик Бульдозер инженердик техника күйүүчү-майлоочу майы менен камсыз болуп, жер иштерин казуу башталды, мындан тышкары жакынкы күндөрү Эксваватор, Самосвал техникалар кошумча жумуш алып барат.
Ошондой эле, аталган объектиге керектелүүчү цемент, арматура, труба курулуш материалтар КР ӨКМ тарабынан бөлүнүп жерине жеткирилип берилген.