Ош: Кара-Суу райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы майор С.Осмоновго “Жылдын мыкты жетекчиси” наамы ыйгарылды

ОШ: КАРА-СУУ РАЙОНДУК ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫСЫ МАЙОР С.ОСМОНОВГО “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ЖЕТЕКЧИСИ” НААМЫ ЫЙГАРЫЛДЫ
2023-жылдын 27-январь күнү Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясында 2022-жыл ичинде район аймагында аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылды. КРнын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Манапов Уристем Ибраимовичтин катышуусундагы коллегияда өткөн жылдын жыйынтыгы менен Кара-Суу району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан аткарылган иштер жакшы деп бааланды.
2022-жыл ичинде райондун социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өркүндөтүүгө кошкон салымы, ошондой эле кызматтык милдетин жигердүү, так аткаргандыгы үчүн Кара-Суу району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы майор Осмонов Сүйүн Маликовичке “Жылдын мыкты жетекчиси” наамы ыйгарылды. Ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда жана алдын алууда жигердүү иш алып баргандыгы үчүн Кара-Суу району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары Жарандык коргонуу бөлүмчөсүнүн башчысы майор Исакулов Акылбек Шырдакбековичке Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким, Жарандык коргонуунун башчысы тарабынан “Ардак грамота” тапшырылды.