Ош: Кара-Суу районунда атайын машыгуу өттү
ОШ: КАРА-СУУ РАЙОНУНДА АТАЙЫН МАШЫГУУ ӨТТҮ
2023-жылдын 16-17-март күндөрү райондук Жарандык коргонуу кызматтарын тартуу менен Өзгөчө кырдаал коркунучу жаралганда жана катталган учурда Кара-Суу районунун башкаруу органдарынын күч каражаттары жана иш аракеттери темасында атайын машыгуу өткөрүлдү.
Өзгөчө кырдаалдын коркунучу пайда болгондугу тууралуу 2023-жылдын 16-март күнү эрте менен саат 6:30да атайын сигнал келип түшкөн.
Сигнал боюнча Кабарлоо жана байланыш кызматы тарабынан облустук жана райондук Жарандык коргонуу кызматтарына толугу менен кабар берилип, ар бир кызматка тиешелүү тапшырмалар берилди.