Ош: Кара-Суу районундагы сел каптоо коркунучун алдын алуу иш-чаралары

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2022-жылдын 22-январындагы №43 буйругуна ылайык 2022-жылдын 21-август күнү КР ӨКМ тарабынан Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык аймагынын Казак-Маала айылындагы 13 кожолукту сел каптоо коркучунан коргоо жана жол каттамы менен камсыз кылуу максатында, Машрапсай сайынын сол жээгине 80 метр аралыкка габион торчолорун орнотуу үчүн бөлүнүп берилген.
120 даана габион торчолорун орнотуу үчүн Отуз-Адыр айылдык аймагы тарабынан 1 бирдик Автожүктөгүч бөлүнүп берилип, шпоранын тулкусун тургузулуп азыркы учурда жергиликтүү тургундар тарабынан габион торчолорун орнотуу иштери жүрүп жатат.