Ош: Кара-Суу районунун Манас орто мектебинде өрт-тактикалык машыгуу өттү
ОШ: КАРА-СУУ РАЙОНУНУН МАНАС ОРТО МЕКТЕБИНДЕ ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
2023-жылдын Жарандык коргонуу иш-мерчеминин негизинде 2023-жылдын 3-март күнү, Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарындагы Ленин көчөсүндө жайгашкан №112 Манас орто мектебинде Кара-Суу районунун Жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликте өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү.
Саат 10:06 убактысында мектептин биринчи кабатындагы жыйындар залында өрт кырсыгы катталды деген маалымат дене-тарбия мугалими тарабынан уюлдук телефону аркылуу Кара-Суу району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 101 байланыш түйүнүнө түшкөн.
Айтылган дарекке өрттү өчүрүү боюнча Кара-Суу району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 2 бөлүм тартылып, саат 10:02 убактысында чыгып, саат 10:08де жерине жетип барган. Жалын саат 10:18де курчоого алынып, 10:20да толук өчүрүлгөн.
Тилсиз жоонун кесепетинен имараттын 10 м2 имараттын аянты күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби: электр шаймандарынын техникалык бузулушунан.
Аталган машыгууга райондук Электр энергия менен камсыздоо жана жарыкты чүмбөттөө, коомдук тартипти сактоо, тез жардам кызматы, КР Улуттук Кызыл Ай коомунун өкүлдөрү катышты.