Ош: Кара-Суу районунун Учкун айылындагы кооптуу аймактарда түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
ОШ: КАРА-СУУ РАЙОНУНУН УЧКУН АЙЫЛЫНДАГЫ КООПТУУ АЙМАКТАРДА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
Жаз келип, кардын эриши, жаан-чачындын жаашы менен кооптуу делген аймактарда түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында, КР ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл аймагынын Учкун айылындагы жер көчкү коркунучунан көчпөстөн кооптуу аймакта жашап жаткан жарандарды коопсуз жерге көчүп чыгуу боюнча атайын эскертүү баракчалары берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл аймагынын Учкун айылындагы 15 турак жайларды коопсуз жайга көчүрүү боюнча КР ӨКМге караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин 2021-жылдын 12-мартында O-76 корутундусу берилген.