Ош: Кара-Сууда каналга 23 жаштагы жаран чөгүп кетти

16- июнда Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Курбан-Кара айылындагы Савай каналына 23 жаштагы жаран чөгүп кеткендиги тууралуу кабарланган. Маалымат боюнча, ал 1999-жылы туулган М.С. аттуу (эркек киши)жаран болгон.

Жерине Кара-Суу райондук №102 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, издөө иштери жүргүзүлүп, натыйжа болгон эмес. Бүгүн издөө иши караңгы киргендигине байланыштуу токтотулуп, 17-июнь күнү улантылат.