Ош: Кооптуу аймактарда изилдөө иштери жүрүп жатат
ОШ: КООПТУУ АЙМАКТАРДА ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИ ЖҮРҮП ЖАТАТ
Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Капчыгай, Ой-Тал айылдык аймактарында кар, жер
көчкү, сел жана ушул сыяктуу табигый процесстер катталуучу участкаларда изилдөө
иштери жүрүп жатат. Изилдөө иштерине Кара-Кулжа райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, ӨКМ
Кыргыз гидромет кызматынан инженер гидрологу жана
жергиликтүү бийликтин тиешелүү адистери катышууда.
Азыркы күндө кар көчкү кооптулугу бар Капчыгай айыл аймагынын Сары-Бээ, Кара-Таш айылдарында 10, Бак участкасындагы 8 турак жайда жарандар жашап
келишет.
Ошондой эле Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Тамчы участкасында күндүн жылышы менен кар эрип, көчкү жүрүүсү күтүлүүдө.

