Ош: Кооптуу аймактарда жашаган жарандарды коопсуз жайга көчүрүү иш-чаралары

Ош облусунун аймагында кооптуу аймактарга көчүрүлүүгө тийиш 2339 кожолук аныкталса, алардын ичинен 848 кожолук мамлекет тарабынан жардам жана жер тилкесин албагандар, 1491 үй-бүлө мамлекет тарабынан жардам жана жер тилкелерин алып көчпөгөндөр.

Кара-Суу району боюнча 58 үй-бүлө көчүрүлүүгө тийиш. Анын ичинен Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн Учкун айылында жер көчкүдөн 15 турак жайга кооптуулук жаралууда. Буга байланыштуу элди кооптуу аймактан коопсуз аймакка көчүрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө Ош облусунун башкармалыгынын башчысы тарабынан да Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн Учкун айылындагы жергиликтүү элге эскертүү баракчаларын таратуу иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, өлкө боюнча 3 859 үй-бүлө кооптуу аймакта жашап келет.

 

https://fb.watch/bD-wTnV6Pp/