Ош: КР ӨКМ өздүк курамы таза
ОШ: КР ӨКМ ӨЗДҮК КУРАМЫ ТАЗА ШААР ҮЧҮН
Бүгүн КР ӨКМ Ош шаарынын борбордук аппараты, Ош шаарынын башкармалыгы жана Ош облусуна караштуу бөлүмдөрүндө ишембилик өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө бөлүнгөн аймактарды тазалоо, көрктөндүрүү жана ирээтке келтирүү боюнча ишембиликке КР ӨКМнин борбордук аппаратынын кызматкерлери, Ош шаарынын жана Ош облусунун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өздүк курамы катышты.
Кызматкерлер КР ӨКМ иммараттарын, өрт өчүрүү бөлүмдөрүн жана анын айланасын тазалап, тартипке келтиришти. Коомдук иш күнүнүн негизги максаты –коомчулукту тазалыкка чакыруу.














