ОШ: “Куткаруучу” темасына арналган сынактардын жыйынтыгы чыгарылды

“5-октябрь – Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобекелдигин азайтуу күнүнө” карата өткөрүлгөн “Куткаруучу” аталышындагы  “Эң жакшы ыр” жана “Эң жакшы тартылган сүрөт” конкурстарынын  жыйынтыгы чыгарылды.

Ош облусу боюнча: “Эң жакшы тартылган сүрөт” сынагында 1-орун Алай районунун А.Мадалиев атындагы орто-мектебинин 6-классынын окуучусу Азизбекова Элина  “Эң жакшы ыр” конкурсунан 1-орунду А.Мадалиев атындагы орто-мектебинин 7-классынын окуучусу Курбанбеков Мерсел ээледи.

Аталган сынактар  боюнча 2-орунду  Кара-Суу районунун К.Момбеков атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Эркинбаева Сезимай жана Араван районунун С.Шарипов орто мектебинин 8-классынын  окуучусу Мамажанова Рухшана

3-орунду  Өзгөн районунун К.Рыспаев атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Улукбек кызы Гулжамал жана Ноокат райондук көркөм-сүрөт мектеп-интернатынын 9–классынын окуучусу Бакирова Мадина алышты.

Конкурска активдүү катышкан мугалимдерге жана окуучуларга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атынан ыраазычылык билдиребиз!