Ош:куткаруучулар атайын окуудан өтүп жатышат

27-июндан тарта Ош шаарында жайгашкан суу объектилеринин суучул-куткаруучулары атайын окуудан өтүшөт.

Бул багытта КРнын Өкмөтүнүн токтому жана КРнын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары полковник У. М. Шамыркановдун буйругу чыккан.

 

Аталган буйрукту аткарууга алуу максатында өткөрүлүп жаткан окутуу шаар аймагында 10 күн бою уланат.