Ош: Кырсыктардын тобокелдигин азайтабыз

Кыргыз Республикасындагы кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүнө карата Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте атайын иш-чара түзүлгөн.
Атайын түзүлгөн иш-чаранын алкагында Кара-Суу шаарында жайгашкан №68 К.Рахимов атындагы орто мектебинде “Жарандык коргонуу” боюнча ачык сабак уюштурулду. Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай коому менен биргеликте мектеп окуучуларына жана мугалимдерге алгачкы медициналык биринчи жардам боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, атайын сабактар өткөрүлдү.