Ош: Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата ӨКМ ардагерлери жаш муундар менен жолугушту

🔷Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы буйругунун негизинде, Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө арналган иш-чаралар Ош шаарында улантылууда.
🔷КР ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан, Академик М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин “Жашоо тиричилик кафедрасынын” жалпы эмгек жамааты жана студенттери менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ардагерлеринин жолугушуусу уюштурулду. Ардагерлер менен болгон жолугушууда “Куткаруучу” кесибин популяризациалоо жана кырсыктардын коркунучун азайтуу чөйрөсүндөгү билимди, маалыматты жана тажрыйбаны калкка жайылтуу максатында студенттер менен ардагерлердин ортосунда пикир алмашуу болуп, маектешүү кызуу өткөрүлдү. Ардагерлер өздөрүнүн басып өткөн кызыктуу учурларын жана кызматтагы күндөрүн, ошондой эле куткаруучунун негизги миссиясы боюнча айтышып, студенттердин кызыктырган суроолорго жооп беришти.
Бул иш-чарага жалпы 110 студент жана 12 мугалим катышты. Мындан ары да ушул багыттагы иш чараларды уюштурууга Ош технологиялык университетинин жалпы жамааты кызыктар экенин баса белгилеп кетишти.