Ош: Кышкы мезгилге карата өрт коопсуздугун алдын алуу үчүн “Нурзаман плаза” соода оюн-зоок борборунда өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү

КРнын ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгы министрликтин, жергиликтүү бийлик мэрия менен биргеликте
Башкармалыктын кышкы мезгилге карата өрт коопсуздугун алдын алуу максатында, шаардын А.Шакиров көчөсүнүн №275/1 дарегинде жайгашкан “Нурзаман плаза” соода оюн зоок борборунда өрттүк тактикалык машыгуу өткөрүлдү. машыгуунун максаты обьектилерди, эл көп жүрчү соода борборлорду өрттөн сактоо кошундардын аракеттери, өрт өчүрүүчү куткаруучулардын кесиптик деңгээлин көтөрүү жана күжүрмөндүүлүгүн жогорулатуу болуп эсептелинет. Андан тышкары жөнөкөй жарандарды өзгөчө кырдаалдар учурунда дүрбөлөңгө түшпөй,өзүн алып жүрүүгө үйрөтүү болуп эсептелинет.
Машыгууга тартылган кошумча күчтөр Ош шаары боюнча башкармалыктан 3 өрт өчүрүү автотехника, 1-куткаруу кызматы, 1 шашылыш тез жардам кызматы, газ кызматы, милиция кызматы Башкармалык кызматтынан 14 офицер 23 оздук курамдан катышышты.