Ош: Мамлекеттик университетинин жатаканасында өрт-тактикалык сабак өттү

17.11.2022
🟢ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАТАКАНАСЫНДА ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК САБАК ӨТТҮ
КР ӨКМ Ош шаары боюнча башкармалыгынын өздүк курамы ОшМУнун жатаканасында өрттү өчүрүү боюнча өрт-тактикалык сабак өткөрдү.
Сабак учурунда сигнал боюнча шарттуу күйүп жаткан жатаканадан 150 адам эвакуацияланып, жатакана кызматкерлери жана жашоочуларга өрт чыккан учурда өрт коопсуздук эрежелерин туура сактоо жана алкачкы жардам боюнча лекция окутулду.
Ошондой эле, КР ӨКМ Ош шаарынын куткаруу кызматы алгачкы медициналык жардамды практика түрүндө көрсөтүшүп, өрт өчүрүүчүлөр алгачкы өрт өчүрүүчү шаймандарды туура колдонууну көрсөтүштү.
✅Жыйынтыгында ыктыярдуу өрттөн сактоо кошуундарынын иш -аракеттерине баа берилди.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР