Ош: Машыгуу учурунда 18 турак үй коргоого алынды

Өзгөн райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы жана Жарандык коргонуу кызматтарынын өкүлдөрү жер көчкү, сел жана табигый кырсыктардын алдын алуучу тажрыйбалык машыгууга катышты.

Мындай машыгуу Өзгөн районунун Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Чарба айылында өткөрүлдү.

Аталган айылда жайгашкан мазар жана 18 турак үйдү Жазы дарыясынан коргоо чаралары көрүлүп, 100 метр аралыкта ташкындаган сууну тосуучу габион торчолоруна таш ташуу үчүн тажрыйбалык машыгуу жүрдү. Машыгууда ӨКМдин 1 эксковатору, 1 жүктөгүч жана 1 самосвал иш алып барууда.

Ошондой эле Салам-Алик айыл өкмөтүнөн 1 эксковатор жана 63 айыл тургуну тартылды.