Ош: Мектеп окуучуларына “Жарандык коргонуу” күнү өттү

Кыргыз Республикасынын ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгы Ош шаарынын билим берүү мекемелери менен биргеликте мектептерде кырсыктардын тобокелдигин азайтуу багытында иш чараларды өткөрүүдө. Тактап айтканда Ош шаарынын А. Навои мектеп-гимназиясында, ошондой эле Нариман жана Х.Абдуллаев атындагы орто мектептеринде “Жарандык коргонуу” күнү уюштурулуп, өткөрүлдү. Жеринде мектептердин мугалимдерине жана окуучуларына Жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу боюнча окуулар өткөрүлдү. Жалпы 137 мугалимдер жана 2570 окуучулар катышышты. Аталган иш чарага КР ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынан 2 бирдик авариялык-куткаруу автоунаасы, 10 куткаруучулар жана өрт өчүрүүчүлөр тартылды. Окуунун негизги максаты болуп өзгөчө кырдаалдардын алуу, мүмкүн болуучу кырдаалдарда жана кырсыктарда өзүн- өзү алып жүрүү, коопсуздук эрежелерин сактоого, биринчи медициналык жардам көрсөтүүгө үйрөтүү.