Ош: Мырза-Аке–Кара-Кулжа–Алайкуу жолуна зоо таштары кулады
ОШ: МЫРЗА-АКЕ– КАРА-КУЛЖА–АЛАЙКУУ ЖОЛУНА ЗОО ТАШТАРЫ КУЛАДЫ
Кара-Кулжа районуна караштуу Мырза-Аке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолунун 82-чакырымына алдын ала маалымат боюнча 22-апрелде түнкү саат 2:00 чамасында зоо таштары кулап, жолду жаап калган.
Табият кырсыгы катталган жерде ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынын башчысы, полковник Н.Шаматов иш алып барууда.
Бактыга жараша жабыр тарткан жарандар жок. Кырсыктын кесепетинен чон чыңалуудагы электр чубалгылары үзүлгөн. Учурда №26 жол тейлө ишканасынын 1 жүктөгүчү, 1 бульдозери тартылган.
Райондук ИИБ тарабынан унаа жолго чектөөлөр киргизилген. Жолду ачуу иштеринин жүрүшүнөн кошумча маалымат берилет.